Шаар мэри Э.Алымкулов Нарын шаарында иш алып барып жаткан эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен диалог курду

Шаар мэри  Э.Алымкулов бүгүн, 15-февралда Нарын шаарында иш алып барып жаткан эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен диалог курду. Анда шаарда өтө турган инвест-форумга активдүү катышып берүүлөрүн суранып, Нарын шаарына ылайыктуу кандай долбоорлор бар экендиги талкууланды.

Э.Алымкулов шаардыктар бара турган заманбап кинотеатр ачуу, аялдамаларды бирдей типке келтирүү, борбордук аянтты реконструкциялоо, балдар ойной турган атракциондорду орнотуу, шаардыктар эс ала турган комплекстерди куруу, бат тамактануучу түйүндөрдү ачуу,  сырттан келген туристтерге кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана башка маселелер боюнча идеяларын айтып, кызматташууга чакырды.

Ошондой эле  шаардын түзүлө турган баш планы талкууланып, анда Траст Ага Хан фондусунун эксперттер командасы  тарабынан шаардын башкы планын модернизациялоо жана ɵркүндɵтүү процесстерине кɵмɵк кɵрсɵтүүсү тууралуу айтылып, айрым тилкелердин конкреттүү детальдары боюнча жыйындын катышуучуларынын сунуштары айтылды.

Ал эми эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү шаардагы иштеп жаткан долбоорлор боюнча кыскача маалымат беришип, чакан аянтчада алардын башын бириктирип, жакындан таанышып, коомчулуктун ой-пикирин, көйгөйлөрүн угуп, маалымат  алмашуу жүргүзүп жаткандыгы оң таасирин берет деген тилектерин айтышып,  ар бири өз денгээлинде шаарды өнүктүрүүгө салымдарын кошоорун билдиришти.

Добавить комментарий