Шаар мэри Э.Алымкулов шаарда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан банк тармагынын, мобилдик түйүндөрдүн жетекчилери менен жолугушту

Нарын шаарынын мэри бүгүн, 28-февралда шаарда ишмердүүлүгүн жүргүзуп жаткан банк тармагынын, ошондой эле мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүп жаткан мобилдик түйүндөрдүн жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда мэр Э.Алымкулов кыскача алдыдагы пландары менен бөлүшүп, жаздын келиши менен банктардын жана мобилдик түйүндөр жайгашкан имараттардын сырткы келбеттерин ирээтке келтирүү, айлана-тегерегин көрктөндүрүп, жашылдандыруу иштерине активдүү катышып берүүлөрүнө чакырды.

Ошону менен бирге банктардын жетекчилерине шаардагы аялдамаларды бирдей типке келтирүү боюнча даярдалган долбоорду колдоп берүүлөрүн сунуштап, аялдаманын эскизи жана болжолдуу сметалык наркы боюнча маалымат берди. Мындан сырткары шаар башчысы ашыкча башаламан көрнөк–жарнактарды илүүнүн ордуна заманбап жарнамалык щиттерди орнотууну мобилдик түйүндөргө сунуштады.

Ал эми жыйындын соңунда мэр Э.Алымкулов чакырууну туура кабыл алып, келип берген банк жана мобилдик түйүндөрдүн өкүлдөрүнө ыраазычылык айтып, мындан аркы кызматташуулар улана беришине тилектештигин билдирди.

Добавить комментарий