«ЫЙМАН» БАЛА БАКЧАСЫНА 50 ОРУНДУК КОШУМЧА КОРПУСТУН КУРУЛУШ БАШТАЛДЫ

Нарын шаарындагы «Ыйман» бала бакчасынын кошумча корпусунун курулушу башталып, капсуласы салынды.Имарттын капсуласын салуу иш чарасына Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, MSDSP KG коомдук фондунун Нарындагы директору Жылдыз Сулайманова жана башка билим берүү мекемелеринин жетекчилери, бала бакча жамааты, курулушчулар катышышты.Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулуп жаткан имаратты MSDSPI KG коомдук фонду тарабынан 4 млн 901,000 сом инвестицияланып, буга донор Тышкы иштер жана соода министрлиги тарабынан башкарылуучу Австралия өкмөтүнүн түз жардам программасы болгон.Ал эми Нарын шаарынын бюджетинен 1 млн 202 миң 420 сом өздүк салым катары жумшалды.Жалпы 6 млн 103 миң 420 сомго 50 орунду, бир кабаттуу имарат 2022-жылдын күз мезгилинде курулуп бүткөрүлөт. Курулушту «Нарынстройсервис» компаниясы жүргүзөт.Иш чарага катышкан Нарын шаарынын мэри К. Тутуев куруучуларга имаратты салуу милдетин алган курулуш ишканасына сапаттуу имараты куруп берүүнү айтып, келечек ээлери болгон балдардын билим-тарбиясы үчүн инвестор болгон MSDSPI KG коомдук фондунун өкүлдөрүнө өз ыраазычылыгын билдирди.

Добавить комментарий