«ЫЙМАН» БАЛА БАКЧАСЫНЫН ЧАТЫРЫ ЖАҢЫРТЫЛЫП, СЫРТЫ ЖЫЛУУЛАНАТ

Нарын шаарындагы #16- «Ыйман» бала бакчасы капиталдык оңдоодон өтүүдө.Республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен бакчанын сыртын жылуулоо жана чатырын алмаштыруу иштери башталды.Жалпы жумшалуучу каражаттын суммасы 1 млн 979 миң сом. Мунун ичинен өздүк салым 617 мин 500 сом.Долбоорлордун аткарылышы менен Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана орун басары Назира Жумакадырова таанышып чыгышып, бакчанын башка маселелерин чечүүнү талкуулаштыталкуулашып, аткаруучу ишкана жетекчисине сапаттуу бүткөрүүнү белгиледи.

Добавить комментарий