ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК МАЙРАМЫ НАРЫН ШААРЫНДА ЖОГОРКУ МАЙРАМДЫК МААНАЙДА БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кɵз карандысыздыгынын күнү Нарын шаарында жогорку майрамдык маанай менен белгиленди.

Таӊ эрте борбордук аянтта шаӊдуу музыка жаӊырып, элдин  агымын ɵзүнɵ тартып турду.

Эгемендүүлүк майрамына арналган майрамдык иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов: «Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин күнү-мамлекетибиздин мааниси тереӊ улуу майрамы менен Нарын шаардык мэриясынын жана ɵзүмдүн атымдан чын жүрɵгүмдɵн куттуктайм!!!

Мындан 27 жыл мурда, дал ушул күнү дүйнɵнүн саясий картасында Кыргыз Республикасы деген жаӊы мамлекет пайда болуп, кыргыз элинин  тарыхындагы жаӊы доор башталган. Кɵз карандысыз ɵлкɵ катары Кыргызстан башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, ɵз ара мамиле күтүүгɵ жетишкен. Бул кыргыз элинин кылымдардан бери  талпынып, эӊсеп келаткан улуу тилеги эле. Ошондуктан кыргыз элинин бактысына бүткɵн Эгемендик майрамынын маани-мааӊызын тереӊ түшүнүп, мамлекеттүүлүгүн сактап, кыргыз мамлекетин улам кийинки урпактарга татыктуу ɵткɵрүп берүү жалпыбыздын мекен алдындагы ыйык парзыбыз деп эсептейм»,-деп белгиледи.

Шаар мэри муну менен катар жаш мамлекеттин бутунан туруп кетүүсү жеӊил болбой, кыргыз эли мамлекетибиздин калыптануу этабындагы социалдык-экономикалык кыйынчылыктар менен катар эки революцияны башынан кечиргендигине, 2010-жылдан кийин гана Кыргызстандын бардык аймактарында ɵнүгүү кадамдары жасалып жатканына токтолуу менен: «Кыргызстандын туусу түбɵлүк желбиреп, бейиштин тɵрүндɵй ажайып мекенибизде нарктуу элибиздин урпактары уланып, эгемен ɵлкɵбүз кылымдарды карытып жашай берсин»,-деген тилегин жолдоду.

Мындан кийин Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов куттуктоо сɵздɵрүн сүйлɵп,  Эгемендүүлүктүн маанисине токтолуп, эл-журтка, мекенибизге болгон каалоо-тилектерин билдиришти.

Майрам шаӊын Кыргыз Республикасынын Кɵз карандысыздыгынын 27 жылдыгына арналган театралдаштырылган оюн-зоок жана жагымдуу ыр-күүлɵрдɵн турган концерттик программа кɵркүнɵ чыгарды.

Ошондой эле «Ала-Тоо» стадионунда спорттук мелдештер ɵткɵрүлдү.

Добавить комментарий