ЭЛ БААТЫРЛАРЫ ЭСКЕРИЛИП, ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯГА БАА БЕРИЛДИ.

Бүгүн, 7-апрелде Нарын шаарындагы «Тянь-Шань» паркында  Апрель Элдик революциясынын күнүнɵ арналган эскерүү митинги ɵткɵрүлүп, элдин эркиндиги, мамлекеттин келечеги үчүн шейит болгон кыргыз уулдары эскерилип, Апрель Элдик революциясына коомчулук тарабынан дагы бир ирет баа берилди.

Бул күнү таӊ эрте эл уулдарынын эстелиги алдына шаар  тургундары чогулуп, муӊдуу күүнүн коштоосунда эстеликке гүлчамбарлар коюлду.

Апрель окуясында курман болгон теӊир тоолук 36 баатырдын сүрɵттɵрү мектеп окуучулары тарабынан сыймыктануу менен кɵтɵрүлүп турду.

Эскерүү митингин ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов: «Апрель революциясы-ɵлкɵдɵ башкы күч Эл экендигин, кыргыз элинин канында акыйкаттык, калыстык, эркиндик үчүн ажалдан кайра тартпай турган баатырдык мүнɵз бар экендигин далилдеген окуя катары тарыхта жазылып калды. Шейит кеткен кыргыз уулдарынын чечкиндүү кадамы менен чыныгы демократияга, ɵлкɵбүздүн жаркын келечегине жол ачылып, мамлекетибиздин бүтүндүгү, эгемендиги сакталды»,-деп белгиледи.

Ошондой эле Элдик революциянын алгачкы кадамдары Теӊир Тоо жергебизден башталганын, алдыбызда Элдик революциянын башкы максаты болгон адилеттүү башкарууну, ɵнүккɵн ɵлкɵнү куруу, биримдик, ынтымак менен шаарыбыздын, ɵлкɵбүздүн ɵнүгүүсүнɵ салым кошуу милдеттери турганын, уюткулуу кыргыз эли турганда баатыр уулдардын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашап, алардын эрдиги муундан муунга үлгү болоорун билдирип,  жакындарына кайрат айтты.

Мындан кийин эскерүү мүнɵтү жарыяланып, баатырларга багышталып куран окулду.

Эскерүү митингине катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов ɵз сɵзүндɵ Апрель Элдик революциясына тарыхый баа берүү менен ошол кандуу окуяда Теӊир Тоо жергесинен эле 25 баатыр курман болгонун, алардын ысымдары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, жүрɵгүбүздɵ түбɵлүккɵ сакталышы керектигин айтты.

Иш чарада Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Ж. Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы С. Черикбаев, «Мекен шейиттери» коомдук уюмунун мүчɵсү Ш. Актанова, Апрель Элдик революциясынын катышуучусу Э. Асаналиев жана башкалар Элдик революциянын келип чыгышы, анын курмандыктары, натыйжасы, келечектеги максаттар туурасында билдирип, баатырларды эскеришти.

 

 

Добавить комментарий