ЭЛ КАТТОО ѲНѲКТҮГҮНѲ КАРАТА АЛДЫН АЛА КАТТОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛѲТ

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары!

Жалпыӊыздарга маалым болгондой, 2020-жылы Эл каттоо ɵнɵктүгү башталат. Эл каттоого алдын ала даярдык кɵрүү максатында үстүбүздɵгү жылдын 22-апрелинен 22-майына чейин алдын ала каттоо иштери жүргүзүлмɵкчү.

Андыктан шаар тургундарынан жашап жаткан үйүӊүздɵрдүн номерин тактап, үйдүн сыртына ачык жерге белгилеп жазып коюӊуздарды ɵтүнɵбүз. Дарегиӊиздердин тактыгы тез жардам жана башка кызмат кɵрсɵтүүлɵргɵ да ыӊгайлуу шарт түзмɵкчү.

Ошондой эле атайын кызмат адамдары барган учурда үй-бүлɵӊүздɵр тууралуу толук маалымат берүүӊүздɵр зарыл экендигин эскертебиз.

Добавить комментарий