«ЭНЕЛЕР ВОЛЕЙБОЛ ЛИГАСЫ» НАРЫН ШААРЫНДА

Бүгүн, 31-мартта Нарын шаарындагы «Намыс» ден соолук борборунда 40 жаштан жогорку курактагы айымдар арасында республикалык деӊгээлдеги «Энелер волейбол лигасы»  аталышындагы спорттук мелдеш старт алды.

«Энелер дени сак келечек үчүн!!!» ураанынын алдындагы бул спорттук иш чарага Нарын, Ысык-Кɵл, Талас облустарынан 12 айымдар командасы катышып, күч сыноодо.

Турнирдин ачылыш аземине катышкан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова аты айтып тургандай энелер демилгелеген бул иш чаранын мааниси чоӊ экендигин белгилɵɵ  менен алыстан келген спортчу айымдарга ыраазылык билдирип, спорттук иш чарага ийгилик каалады.

«Энелер волейбол лигасынын» уюштуруучуларынын бири, Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Барчын Аманованын айтымында, аталган лига 2016-жылы 40 жаштан жогорку курактагы энелер арасында түзүлгɵн. Учурда республиканын аймактарында лиганын 70тен ашык командасы бар. Энелердин күчү жана демилгеси менен түзүлгɵн лиганы Волейбол федерациясы колдоого алып келет. Мелдеш февраль айында түштүк региондо ɵткɵрүлсɵ, бул жолу түндүк регионду камтыган. Буюрса жайында тандалган 9 команданын катышуусунда Кыргызстан боюнча чемпионат ɵткɵрүлмɵкчү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий