Эне тилибиздин мамлекеттик макамына ээ болушуна бүгүн туура 25 жыл толду

Бүгүн, 23-сентябрда КР  мамлекеттик тил күнү шаардык деӊгээлде Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинде белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Мамлекеттик майрамга арналган иш чара «Кыргыз тили-кош канаты кыргыздын» ураанын камтып, кылымдар бою сакталып келген кыргыз тилин жаш муундарга үйрɵтүү менен кыргыз тилинин улуулугун, тарыхын, бийиктигин даӊазалоо максатын чагылдырды.

Иш чаранын алкагында шаардагы орто мектептердин мугалимдери үчүн, боз үйдүн ичинде, кыргыз тили жана математика сабактарын байланыштырган «Фигуралар боз үйдɵ курултай курушат» темасында семинар болуп, ачык сабактар ɵткɵрүлдү. Ошондой эле меймандарга окуучулар тарабынан кɵркɵм окуулар окулуп, «Семетей» эпосунан сахналаштырылган кɵрүнүш тартууланып, улуттук сармерден кыз-жигиттер айтышы болуп ɵттү.

Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова, катышуучуларды мамлекеттик майрам менен куттуктап, эне тилибиз эне сүтүбүздɵй таза, ширин болушуна, ɵсүп-ɵнүгүшүнɵ, биздин ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары кɵɵнɵрбɵй кɵкɵлɵп, кылымдарды бойлой беришине, улуттук байлыгыбыздын келечеги кең болушуна тилектештигин жана бул күндү уюштурууга активдүү катышкан ата-энелерге, эмгек жамаатка ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн тил күнүнɵ карата иш-чаралар шаарыбыздагы бала бакчалардан тартып, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде да өткөрүлүүдɵ.

Добавить комментарий