ЭНЕ ТИЛИБИЗДИ БАСЫНТУУБУ, ЖЕ БАШКА ТИЛДЕРГЕ БОЛГОН МЕЙМАНДОСТУГУБУЗБУ?

Бүгүн Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрүнɵн турган топ Нарын шаарындагы кɵрнɵк-жарнактарда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵгү» мыйзамдын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик текшерүү жүргүзүштү.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵгү мыйзамынын» 7-бɵлүмүнүн 27-статьясында: «Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка кɵрүнɵɵ маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.

Башка тилдердеги тексттин арибинин ɵлчɵмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин ɵлчɵмүнɵн чоӊ болбоого тийиш» деп жазылган.

Рейд учурунда шаардагы бир катар жеке соода-сатык кылган күркɵлɵрдүн жана калкты тейлɵɵ жайларынын сыртындагы кɵрнɵк-жарнактар мамлекеттик тил мыйзамына туура келбегендиги белгилүү болду. Алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 5-июлга чейин талаптар аткарылбаса мыйзамга ылайык чара кɵрүлɵɵрү тууралуу расмий билдирүү калтырылды.

Белгилей кетсек, мындай иш чаралар шаардык мэрия тарабынан мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп, башка тилде жазылган кɵрнɵк-жарнактар алмаштырылып турат. Бирок ага карабастан жаӊы ачылган соода жана тейлɵɵ борборлору эмнегедир кɵрнɵктɵрдү башка тилдерде илип келишет. Мурда орус тилинде болсо, кийинки жылдары англис тилине басым жасалганы байкалат. Бул эне тилибизди чануубу, басынтуубу, же башка тилдерге болгон меймандостугубузбу? деген суроого жооп издейсиӊ, аргасыздан.

Дээрлик 99 пайыз кыргыздар жашаган Нарын шаарында кыргыз тилине болгон мындай мамиле жүрɵктү ɵйүйт. Андыктан мамлекеттик тил мыйзамын сактап, ар кандай кɵрнɵк-жарнактарды, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка кɵрүнɵɵ маалыматтарды адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде жазууӊуздарды ɵтүнɵбүз. Мыйзамга ылайык, башка тилдердеги тексттин арибинин ɵлчɵмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин ɵлчɵмүнɵн чоӊ болбоого тийиш.

Добавить комментарий