Эртеӊ, 5-январда Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы жабык муз аянтында мектеп окуучулары арасында «Кɵӊүлдүү старт» аталышындагы кышкы спорттук эстафета оюндары ɵткɵрүлɵт.

Нарын шаардык мэриясы менен Нарын шаарындагы Жаштар иштери жана спорт бɵлүмү уюштуруп жаткан бул иш чара окуучулардын кышкы каникул убагындагы кɵӊүлдүү эс алуусун камсыздоо максатын кɵздɵйт.

«Кɵӊүлдүү стартка» катышууну каалаган бардык окуучуларга эшик ачык жана оюндун жеӊүүчүлɵрүн кызыктыруучу белектер күтɵт.

Бул тууралуу Нарын шаардык Жаштар иштери жана спорт бɵлүмүнүн башчысы Рысбек Касымалиев маалымдады. Анын айтымында, муз аянтында эс алууну каалоочулар бардык күндɵрү аталган жабык муз аянтында коньки тээп эс алып кетишсе болот. Бул жерде заманбап бардык ыӊгайлуу шарттар түзүлгɵн. Мындай жайлар Кыргызстан боюнча 2-3 гана жерде бар. Баасы да анча кымбат эмес. Балдар үчүн саатына 50, студенттерге 100, чоӊ адамдарга 150 сомдон.

«Муз аянтында 31-декабрь, 1-январь күндɵрү гана кечке жуук эл кɵп болуп, кезек күтүү болгону менен башка учурларда талаптагыдай эс алууга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми «Ала-Тоо» стадионуна муз тоӊдурбаганыбыздын себеби ал жер футбол аянты болгондуктан муз тоӊдургандан кийин жер кыртышы бузулуп, чуркоочу жол да жаранка кетип жарактан чыгууда. Анын үстүнɵ быйыл декабрь айында суу тоӊгудай суук да, кар да болгон жок»,-дейт спорт бɵлүмүнүн башчысы.

Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай,  аталган муз аянтында 8-январдан 12-январга чейин хоккей оюну боюнча эл аралык мелдеш ɵткɵрүлмɵкчү. Буга Россиядан, Казакстандан жана Кыргызстандын аймактарынан спортчулар келээри күтүлүүдɵ.

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий