Эртеӊ, 9-январда Нарын шаарындагы Т. Токтосунов атындагы жабык муз аянтында хоккей боюнча эл аралык турнир ɵткɵрүлɵт.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында  «Ташболот Токтосуновдун» кубогуна арналып ɵткɵрүлүп жаткан  турнирде Россия Федерациясынын, Казакстандын жана Кыргызстандын аймактарынын, Нарын шаарынын 40 жаштан жогорку курактагы мыкты хоккейчилери ойномокчу.

Белгилей кетсек, Россиянын курама командасын Челябинск шаарынын мэри, шаардык Кеӊешинин тɵрагасы жана Россия шаарлар Союзунун Президенти Станислав Мошаров жетектеп келген. С. Мошаров ɵзү да команданын капитаны катары оюнга катышат.

Турнир 9-январь күнү саат 10. 00дɵ башталып, эки күнгɵ созулмакчы.

Эл аралык турнир жеке ишкер Нурбек Токтосуновдун уюштуруусу жана Нарын шаардык мэриясы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу Союзунун колдоосу менен ɵткɵрүлүүдɵ.

Мелдеш бардык хоккей сүйүүчүлɵрдү жана күйɵрмандарды күтɵт.

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс катчысы.

Добавить комментарий