ЭРТЕ КУРАКТАН САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ, БАЛА БАКЧАДАН БАШТАП ЧЕТ ТИЛДЕРИН ҮЙРӨТҮҮ ЗАРЫЛ

Нарын шаарында  жалпы билим берүүчүлөрдүн август конференциясы өтүп жеткиликтүү билим –тарбия берүүдөгү жетишкендиктер жана кемчиликтер, алдыда ишке ашыруу зарыл болгон иш милдеттер талкууланды.

Конференцияда пилоттук катары алдынкы тажрыйбаларды сынаган мектеп бала бакчалардын  ыкмаларын шаар аймагындагы билим берүү жайларына жайылтуу, мектеп жана бала бакчаларда коопсуз чөйрөнү камсыздоо, жардамга муктаждарды коомго кошуп тарбиялоо, автоматтык ситеманы кеңейтүү, электрондук тейлөөлөргө толук өтүү, мугалимдерди кесипке кайра даярдоо, квалификацияларын жогорулатуу, заман талабынан артта калбай билим алуу жана аны билим берүүдө пайдалануу. Мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүү  көңүл буруу, кенже курактагы балдардын тамагын жакшыртуу маселелери көтөрүлүп, талкууланды.

Мугалимдердин август кеңешмесине катышкан Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков заманбап билим берүү тажрыйбаларын өздөштүрүүдө артта калбоону белгилеп, шаар аймагы болгондуктан сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү экендигин айтып, билим сапаты  көтөрүунү жалпы агартуучуларга тапшырды.

Шаар башчысы мектептердин компьютердик-техникалык жана лабораториялык жабдууларын жакшыртууга карата иштер алынып барылаарын айтып, бул максатта  шаар мектептери жана бала бакчалары арасында сынак жарыяландыгын маалымдап, жалпы мугалимдерди жаңы окуу жылдын башталышы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Добавить комментарий