ЭСТЕЛИК ЭСКЕРҮҮ ЭМЕС, ЭСКЕРҮҮ ЭСТЕЛИК

Эне сүйгөн түссүз, түстүү сүрөттө,
Эми ыйлайбыз тирүүлүктү сагынып.
Эстегиле эгер эстей алсаңар,
Чыгышмак деп быйыл мынча жашка алар…
Шейит-набыт өлбөсүн эч уулуңар,
Жер талашып азбаса экен башкалар- деген ыр саптары менен бүгүн, 14-февралда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров Совет аскерлеринин Ооган жергесинен чыгарылышынын 31 жылдыгына карата өткөрүлгөн митингди ачык деп жарыялады.

Эскерүү иш чарасына Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Касен Азизов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы, полковник Уланбек Сатиев, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук Афган согушунунун ардагерлеринин коомдук бирикмесинин төрөгасынын милдетин аткаруучу Токторбек Оморов, Облустук аскер ардагерлер кеңешинин төрөгасы Таалай Идирисов, Куралдуу күчтөрүнүн Нарын облусу боюнча ардагерлер кеңешинин төрөгасы Акылбек Шамбетов ж.б. тиешелүү кызматтын жетекчилери, Ооган согушунун ардагерлери жана мектеп окуучулары катышты.

Эскерүү митингинде согуш талаасында курман болгондорго арналып куран окулуп, эскерүү минутасы жарыяланды. Андан соң келген меймандар куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, ардагерлерге ар бир мекеме-ишканага таандык ардак громаталарын жана медалдарын тапшырды.

Афган согушунда көрсөткөн эрдиктери, ошондой эле Советтик жоокерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата Ооган согушунунун ардагерлери Токторбек Оморовго, Темирбек Асанакуновго жана Туратбек Ибрайовго Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңешинин Ардак громатасы тапшырылып, ыраазычылык билдирилди.

Атайын Советтик жоокерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата лыжа менен жөө жүрүшкө чыккан Эчки-Башы айылынын жаштары чогулуш жыйынтыкталган учурда келишип, аларга атайын даярдалган громаталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий