«ЭТИМЕСГУТ -НАРЫН» ДОСТУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК КЕЛИШИМИНИН АЛКАГЫНДА КУРУЛГАН БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Турция мамлекетинин Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети тарабынан Нарын шаарында курулуп бүткөн балдар бакчасы салтанаттуу ачылды.Бала бакчанын ачылыш аземине Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын шаарды Кеңешинин депутаттарыдепутаттары жана ушул бала бакчанын курулушу боюнча долбоору ишке ашырууну баштаган Нарын облусун мурдагы жетекчилери Аманбай Кайыпов, Эмилбек Алымкулов, Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Дэмирэль баштаган түрк делегаттары мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышышты.» Бала бакча Этимесгут району менен Нарын шаарынын ортосунда түзүлгөн «Достук жана кызматташтык» келишиминин негизинде курулуп бүттү.»Мындай келишим дал ушул делегаттардын 2018-жылы Нарын шаарына келип, таанышуу учурунда түзүлүп, эки тараптуу достук мамилеси менен кызматташуу белгиленген.Ачылыш аземинде Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев Этимесгут муниципалитетинин мэрине жана депутаттарына Нарын шаарынын элинин атынан ыраазычылык билдирип, «Достугубуз түбөлүктүү болсун!»-деди.Этимесгут районун каржылоосунда курулган бакчанын сметалык баасы 650 миң АКШ доллар. 100 орунга эсептелинген. Бала бакчаны курууга Нарын шаардык мэриясы1696 чарчы метр жер аянтын чечип берген.Бул бакчанын курулушу Нарын шаары үчүн эң маанилүү, чоң колдоо болуп саналат.

Добавить комментарий