«Эӊ туруктуу байлыгыӊыз – турак жайыӊызды баалаӊыз!» — милдетттүү жана ыктырдуу мамлекеттик камсыздандыруу

Кыргыз Республикасынын «Турак жайды ɵрттɵн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жɵнүндɵ» мыйзамы 2016-жылдын 11-февралынан тартып күчүнɵ киргендигине байланыштуу, коомчулукка маалымат берүү максатында, Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында кечээ, 2016-жылдын 14-мартында жыйналыш ɵткɵрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ага Нарын шаарынын мэри Р.Адиев, орун басарлары жана шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана массалык маалымат каражаттарынын ɵкүлдɵрү катышышты.

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облустук филиалынын директору А.Дүйшеев аталган мыйзам жана камсыздандыруунун жолдору жɵнүндɵ кеӊири маалымат берди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндɵ мамлекеттик камсыздандыруу боюнча баракчалар таратылды.

 

Добавить комментарий