«ѲРТ ЖИГИТТЕР, ЧАГЫЛГАНДАЙ ЖАНДЫӉ ДА, ѲЧПѲЙ КАЛДЫ ЫСЫМЫӉАР САН ЖЫЛГА»

Апрель Элдик революциясынын 9 жылдыгына карата бүгүн Нарын шаарындагы Ж. Коӊурбаева атындагы борборлоштурулган китепканада «Ѳрт жигиттер, чагылгандай жандыӊ да, ɵчпɵй калды ысымыӊар сан жылга» аттуу жолугушуу кечеси ɵткɵрүлдү.

Жолугушууда Апрель Элдик революциясынын катышуучулары жаштарга революциянын максаты, тарыхтагы орду, элдик ыӊкылапты жасоодогу баштан ɵткɵн кыйынчылыктар тууралуу баяндап, суроолорго жооп беришти.

Китепкана кызматкерлери тарабынан «Аларды энелери мекен үчүн тɵрɵгɵн» аттуу китеп кɵргɵзмɵгɵ баяндама жасалып, эл баатырлары тууралуу ырлар кɵркɵм окулду.

Маданий иш чара кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн башын байлаган баатырлардын эрдигин, ɵлкɵдɵ адилеттүүлүк орнотуу үчүн жасалган Апрель Элдик революциясынын маанисин даӊазалоо, бул тууралуу жаш муунга кеӊири маалымат берүү максатын кɵздɵдү.

Добавить комментарий