ѲСПҮРҮМДѲР АРАСЫНДАГЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА…

Жакында Нарын шаардык мэриясында Нарын шаардык прокуратурасы менен биргеликте жаш ɵспүрүмдɵр катышкан кылмыштуулуктун жана ɵспүрүмдɵргɵ карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатындагы кеӊешме ɵткɵрүлдү.

Иш чарага Нарын шаарынын вице-мэри С. Эсенаманова, Нарын шаарынын прокурору М. Акматалиев, Нарын шаардык ички иштер бɵлүмүнүн башчысы Т. Кадыров, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык ɵнүктүрүү башкармалыгынын, жана башка тиешелүү тармактардын ɵкүлдɵрү катышып, ɵспүрүмдɵргɵ байланышкан кылмыштуулуктун алдын алуу маселесин талкуулашты.

Добавить комментарий