Ѳткɵн жылга сары эсеп, 2015-жылга милдеттер

2014-жылы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ижарага берүүнүн планы 2 млн. 100 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 2 млн 208 миӊ 967 сомго же 105,2 пайызга аткарылып, 2013-жылга салыштырмалуу 618 миӊ сомго ашыкча аткарылгандыгы тууралуу, бүгүн 15-январда, аталган мекеменин жылдык отчетун угуу боюнча жыйында маалымдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Муниципалдык департаментинин курулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын жыл ичинде ɵткɵн 10 отурумунда, жер аянттарын ижарага берүү жана жер аянттарын аукцион аркылуу сатуу боюнча 124 маселе каралып, 52 маселе канааттандырылган.

Ал эми жыйында шаар мэри Р.Адиев жана шаардык Кеӊештин тɵрагасы Э.Турсуналиев тарабынан театрдын капталындагы таски токтоочу жерге кирүү үчүн алынып жаткан акыларга хронометраж жүргүзүү, «Городок» аймагындагы мончо менен болгон келишимдеги аренда тɵлɵмдɵрү боюнча кайра карап чыгуу, борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү жагы тапшырылды.

Маалымат үчүн айтсак, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти шаардагы муниципалдык мүлктү башкаруу, муниципалдык менчик объектилеринин бухгалтердик учетун ɵз денгээлинде жүргүзүү, шаардын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз  объектилеринин укуктарын каттоодон жана муниципалдык менчиктеги объектилерди инвентаризациядан ɵткɵрүү иштерин алып барат.

   

      

     

Добавить комментарий