ѲТКѲН ЖЫЛ НАРЫН ШААРЫ ҮЧҮН ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЛДАРДАН БОЛГОНДУГУ БЕЛГИЛЕНИП, АЛДЫГА МИЛДЕТТЕР КОЮЛДУ.

Бүгүн, 29-январда Нарын шаарында коллегиянын жыл жыйынтыгына арналган отуруму болуп ɵттү.

Күн тартибинде Нарын шаарынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык ɵнүгүшүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга карата милдеттери жɵнүндɵ маселе каралды.

Жыйында Нарын шаарынын вице-мэрлери Давид Курманов жана Салтанат Эсенаманова тарабынан аткарылган иштер жана айрым кемчиликтер боюнча кеӊири маалымат берилди.

Коллегиянын отурумуна катышкан Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов 2018-жыл Нарын шаары үчүн жемиштүү жылдардан болгонун, бардык тармакта ɵсүү кɵрсɵткүчтɵрү бар экенин, ири курулуш обьектилери ишке берилип, бир катар инфратүзүмдүк долбоорлор бүткɵрүлүп, шаардын 150 жылдык мааракеси жогорку уюшкандыкта ɵткɵрүлгɵнүн белгиледи. Айрыкча «Таза Нарын», Суу-канал, Жылуулук берүү ишканаларынын кызматкерлерине жыл ичиндеги талыкпаган түйшүктүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле спорт, маданият, туризм тармагында да алгылыктуу иштер болгонун айтты.

Облус жетекчиси муну менен катар иштеги айрым кемчиликтерге токтолуп, алардын себептерине анализ жасады. Иштебей турган ишканаларды иштетүүгɵ кɵзɵмɵлдү күчɵтүү, ветеринардык клиника ачуу, пайдаланылбай жаткан жер аянттарынын ээлерин тактап, жол жээктерине кɵп кабаттуу үйлɵрдү куруу, жол боюндагы күркɵлɵрдү, базарды иретке келтирүү иштерин улантуу, калктын саламаттыгына сапаттуу кам кɵрүп, эне-баланын ɵлүм кɵрсɵткүчүн кескин азайтуу, билим берүүнүн сапатын кɵтɵрүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле «Региондорду ɵнүктүрүү жана ɵлкɵнү санариптештирүү жылына» жана Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата уюшкандыкта иш алып баруу милдеттерин белгиледи.

Коллегиянын ишин Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов алып барды.

Коллегиянын токтомуна ылайык, 2019-жылга карата ар бир мекеме-ишканага тиешелуу иш милдеттери жуктолду.

Добавить комментарий