ӨКМӨТТҮН БУЙРУГУНУН НЕГИЗИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТТИН ЭСЕБИНЕН ШААРДЫН АЯРЛУУ КАТМАРЫНА БӨЛҮНГӨН ГУМЖАРДАМДАР ТАРАТЫЛА БАШТАДЫ

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128-б буйругунун негизинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилген акча каражатына шаар калкынын аярлуу катмарына гуманитардык жардамдар таратыла баштады.

Жалпы суммасы 1 615 200 сомдук гумжардамдар шаардагы 2019 үй-бүлөгө берилет.

Бул ундарды жана азык-түлүк топтомун таратууга Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, шаар жетекчиси Нурбек Молдокадыров, вице-мэр Назира Жумакадырова, Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Венера Өмүралиева, шаардык мэрия менен социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери жана мобилдик топтор катышты.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов өз сөзүндө Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлерине оор учурда эл үчүн күнү-түнү тынбай иштеп жаткандарын көрүп-билип жатканын айтып, түйшүктүү иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бул акча каражаты экиге бөлүнүп, бир бөлүгүнө азык-түлүк продукциялары алынса, экинчи бөлүгүнө 25 кг ун алынды.

Бир үй-бүлөгө берилүүчү азык-түлүк топтомунда өсүмдүк майы (2 литри 170 сом), китлап (3 кг 160 сом), вермишель (5 кг 230 сом), кум шекер (4 кг 168 сом), туз (1 даанасы 10 сом), чай (1 даанасы 60 сом), жана 1 баштык (2 сом). (Жалпы баасы 800 сом.)

800 сомдук азык-түлүк баштыгы 1019 үй-бүлөгө таратылат жана жалпы баасы 815 200 сомду түзөт.

Ал эми 25 килограммдык ундар ар бири 800 сомдон алынып, жалпы 1000 үй-бүлөгө таратылмакчы.

Бул гумжардамдар буга чейин 1227 кыска номерине жана Нарын шаардык мэриясынын 0705 50 14 45 номерине жардам сурап кайрылгандарга атайын түзүлгөн коммиссиянын жана мобилдик топтордун жардамы менен аймактардан берилет.

Эске салып өтсөк, буга чейин мамлекет тарабынан материалдык резервден 633 үй-бүлөнүн ар бирине 50 кгдык ун жана кийинчерээк дагы 1 млн сом бөлүнүп ага 1250 үй-бүлөгө 25 кгдык ун таратылган болучу.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий