«ӨЛБӨС ПОЛК» ЖӨӨ ЖҮРҮШҮНҮН КАТАРЫНА КОШУЛУУГА ЧАКЫРАБЫЗ!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары,  Нарын шаардык мэриясы 2017-жылдын  9-май Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын белгилөө иш-чарасынын алкагында өтүлүүчү  “Ѳлбөс полк” жөө жүрүшүнө катышууга чакырабыз.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучулардын элесине арналган жүрүштө,  согушта курман болгондордун жакындары алардын сүрөттөрүн кармап, ушул тынч заманга алып келген ата-бабаларыбызга ыраазычылык билдиришет.

Каалоочуулар Нарын шаарында өтө турган “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнүн катарына кошулсаңыздар болот.

Жөө жүрүш 2017-жылдын 9-май күнү саат 9:00 да МДС аймагындагы “Жеңиш -70” скверинен башталып “Тянь-Шань” паркына чейин өткөрүлөт.

Добавить комментарий