ӨРТКӨ КАРШЫ БӨЛҮМҮ КЫЗМАТТЫК ДАЯРДЫКТАРЫН СПОРТТО СЫНАШТЫ

Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95-жылдыгына карата Нарын шаардык жана Нарын райондук өрткө каршы бөлүмү Нарын шаарындагы окуу мунарасында 100 метрлик аралыкка тоскоолдуктардан өтүү менен жарышуу, окуу мунарасынын төртүнчү кабатына илме шаты менен көтөрүлүү, окуу мунарасынын үчүнчү кабатына үч мунактуу шаты менен көтөрүлүү боюнча спорттук иш чаралар өткөрдү.

калыстар тобу тарабынан тийиштүү  спорттук иш чараларга көзөмөл жүргүзүлүп, ар бир жеңүүчүгө жана команда тобуна тийиштүү баалар жана диплом, грамоталары тапшырылды. Жетекчилик курам тарабынан жалпы өздүк курамга куттуктоо сөздөрү айтылып, иш чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

 

Добавить комментарий