№17 «ЫНТЫМАК» БАЛДАР БАКЧАСЫ МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО АРКЫЛУУ КАРЖЫЛАНА ТУРГАН ҮЛҮШТҮК (ДЕМ БЕРҮҮЧҮ) ГРАНТТЫН ЭСЕБИНЕН РЕМОНТТОЛУП ЖАТАТ

Нарын шаарындагы №17 “Ынтымак” балдар бакчасы мамлекеттик үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

1980-жылы ишке берилген бала бакчанын имаратына буга чейин бир дагы жолу масштабдуу ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйылкы жылы аталган балдар бакча мамлекеттик колдоо аркылуу каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен тандалган долбоорлорго кирген.

2 млн 647 миң 733 сом акча каражатына имараттын сыртын кайра шыбоо, эски терезелерди пластик терезелерге алмаштыруу жана айланасын темир тосмо менин тосуу иштери жүргүзүлөт. Каражаттын 661 миң 933 сому өздүк салым катары Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн.

Ремонт иштери сентябрь айында аяктап, жаңы окуу жылында балдар бакчанын тарбиялануучулары жана жамааты үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Белгилей кетсек, 2017-жылы мамлекеттик колдоо аркылуу каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен тандалган долбоорлорго Нарын шаарынын билим берүү мекемелеринен үч орто мектеп жана үч балдар бакчасынын долбоорлору кирген.

Добавить комментарий