№2 «Чебурашка» балдар бакчасы жаӊы оюнчуктар менен толукталды

 

 

Нарын шаарынын №2 «Чебурашка» балдар бакчасына, 1 –июнь Эл аралык балдарды коргоо  күнүнɵ  карата «Русгидро» тарабынан  «тоочо» жана селкинчек оюнчуктары тартууланды.

Бул иш чарага «Жогорку Нарын каскаддары» ЖАКтын төрагасы И.Горбенко, аппарат жетекчиси Эмилбек Алымкулов жана  шаар  жетекчилиги  катышышты. И.Горбенко, мындай жардамдар дагы да болсо кɵрсɵтүлɵ берээрин айтып, балдарды майрамы менен куттуктады.

Ал эми белектер балдар бакчасынын аянтынан ɵзүнүн ордун таап, оюнчуктардын катарын толуктап, дароо тарбиялануучулардын кɵӊүлүн бурду.

Белгилей кетсек,  белектин баасы  2 миӊ долларды түзɵт.

Добавить комментарий