№4 Эсенгул Ибраев атындагы орто мектеби “Биз жашыл жана таза шаар үчүн” деп чакырык салды

 

Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин окуучулары “Тазалык эстафетасын”  улантып, бүгүн 8-апрелде “Мы за чистый и зеленый город” деген ураан менен акция өткөрүштү.

Мектеп директору Т.Качкымбаев, айланабызды, үйүбүздүн тегерегин тазалоо жана тазалыкка үндөө ар бирибиздин милдетибиз,  тазалык – бул ден-соолуктун булагы, шаарыбыздын тазалыгы баарыбызга керек, бүгүнкү акциябыз ийгиликтүү өтүүсүн каалайм, деген сөздөр менен  акцияны ачып берди.

Окуучулар өзүлөрү даярдаган, тазалыкка байланыштуу стенд, календарь, чакырыктар, наклейкаларды презентациялап, түшүндүрмө беришип, “жерде жаткан кагазды алып таштанды салуучу урнага салып коюу оңой эле го” деген ойлорун билдирип, тазалыкка чакырып кетишти.

Ыктыярдуу демилге көтөрүп жаткан окуучулардын аракетине шаардын вице-мэри С.Эсенаманова ыраазычылык билдирип, мэрия ар дайым колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Алгач акция мектептин короосуна карагай отургузуу менен башталды, андан соң окуучулар теректин көчөттөрүн, календарь жана наклейкаларды турак-үйлөрдү кыдырып, такси, маршрутка айдоочуларын токтотуп, жөө бараткан адамдарга таратып, жашоочууларды тазалыкка чакырып, таратылган бактарды отургузуу боюнча убадаларын алып жатышты.

Мындан сырткары, акциянын уюштуруучулары борбордук Ленин көчөсүнүн туштүк тарабын, Тынымсеитова көчөсүнөн Андабеков көчөсүнө чейин, шыпырып, арыктарды тазалап, таштандыларды чыгарышты.

Ал эми акцияны улантуу үчүн мындан аркы тазалык эстафетасы №2 В.П.Чкалов мектебине тапшырылды. Мектептин өкүлдөрү да эстафетаны кубануу менен кабыл алып жатканын жана алар да башкалардан кем калбай жигердүү салымдарын кошоорун белгилешти.

Добавить комментарий