1-ИЮНЬ БАЛДАР КҮНҮНӨ КАРАТА  ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

1-Июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Нарын шаардык мэриясында ачык эшиктер күнү уюштурулду. Шаарыбыздагы 8 орто мектептен мектеп парламентинин мүчөлөрү мэрия  жана шаардык кеңештин иши менен жакындан таанышып, шаар жетекчилиги менен баарлашышты.

Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин ар бир кызматкери өз милдетери жана учурда шаарыбыздын социалдык, экономикалык жактан өнүктүрүүгө арналып жасалып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды беришип, иш бөлмөлөрүн тааныштырышты.

Окуучуларга  Нарын шаардык мэриясы тарабынан аткарылып жаткан жумуштарын жүрүшү  ачык айкын , жергиликтүү жашоочулар менен тыгыз байланышта иш алынып барылаарын маалымдашып,  Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

 

Добавить комментарий