1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик майрамы

Нарын шаарынын борбордук аянтында 1-май Эмгекчилердин эл аралык тилектештик майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Иш-чараны Нарын облустук кесип бирликтери кеңешинин төрагасы   М.Курманкожоев ачып, майрамга келген шаар тургундарын, мекеме, ишканалардын эмгек жамааттарын куттуктады.

Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова нарындыктарды майрамы менен куттуктап, “Бул майрам — бардык эмгекчилердин тилектештик күнү. Адамзаттын эмгегисиз коомчулукта өнүгүү-өсүү болбой тургандыгы айкын. Ар бир адамдын өмүрүндө эмгек ыйык жана өзгөчө мааниге ээ баалуулук болуп саналат. Эмгек аркылуу гана алдыга койгон ой — максаттарыбызга жете алабыз. Адам өмүрү ак ниет, максаттуу эмгек аркылуу гана толук кандуу жашоого айлана алат. Бул күн — салтка айланган эмгекчилердин майрамы катары көп улуттуу кыргызстандыктардын достугунун жана биримдигинин символу болуп кала бермекчи. Ушул жарык маанайлуу майрам күнү Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана ырашкерликти каалаймын! Ак эмгектен баар таба беришиңиздерге тилектешмин!  — деп билдирди.

Ошондой эле окуучулар арасында асфальтка бүгүнкү майрамды чагылдыруу боюнча сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, катышуучулардын бардыгына бал муздак таратылды. Иш-чара концерттик программанын коштоосунда өттү.

Добавить комментарий