100 ЖАШТАГЫ КУРМАНЖАН АПА КАЙРАТМАН АЯЛЗАТЫНЫН СИМВОЛУ

Бүгүн, 19-мартта Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлеринен, шаардык Аксакалдар жана Аскер ардагерлер Кеӊештеринин тɵрагаларынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ɵкүлдɵрүнɵн турган топ шаардын кадырлуу тургуну 100 жаштагы Майрыкеева Курманжан апаны Нооруз майрамы менен куттукташты.

Меймандардын куттугун жылуу кабыл алган Курманжан апа ɵмүр таржымалынан кеп салып, дасторкон үстүндɵ ак батасын берди.

Кылым карыта жашаган Майрыкеева Курманжан апа  ɵтɵлгɵлүү ɵмүр жолунда Теӊир Тоонун коюнунда жашап, иштеп, коомдогу тарыхый ɵзгɵрүүлɵрдүн күбɵсү болуп, шаарыбыздын ɵнүгүүсүнɵ ɵз үлүшүн кошкон.

Бир топ жыл сот тармагында, андан кийин кɵп жылдар Нарын шаарындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ардактуу эс алууга чыккыча үзүрлүү эмгектенип, билим-тажрыйбасын ушул кызматка арнаган.

Ошол эле мезгилде ɵмүрлүк жолдошу Майрыкеев Жумагожо  менен үй-бүлɵнүн сыймыктуу бирок түйшүктүү жүгүн бирге тартып, уул-кыздарды татыктуу тарбиялап, «Баатыр Эне» наамына арзыган. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Эмгектин ардагери.

Ѳмүрлүк жолдошу Майрыкеев Жумагожо кезегинде укук-тартипти сактоо органдарында үзүрлүү эмгектенип, Ички иштер кызматынын Тянь-Шань облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Ички иштер министринин саясий тарбиялоо иштери боюнча орун басары, Нарында колония башчысы кызматтарында  иштеген. Эс алууга чыккандан кийин Нарын облустук архивин жетектеп, азыркы эки кабаттуу имаратынын салынышына чоӊ салым кошкон.

Жооптуу кызматтарды аркалаган жетекчинин жубайы болуу, балдарын тарбиялоо, ошол эле мезгилде ɵзү да юридикалык адистиги менен мамлекеттик кызматтарда эмгектенүү оӊой эмес.

Ушундай ɵтɵлгɵлүү ɵмүрдү башынан кечирген Курманжан апабыз азыркы кутман курагында шаарыбыздын дɵɵлɵттүү карыясы катары нарк-насили менен наабаттуу ɵмүр кечирип, тɵрдүн кɵркү, үйдүн куту болуп, жүрүм-туруму, акыл-кеби менен кийинки муунга үлгү болуп келет.

Курманжан апага бекем ден соолук, жарык маанай, бактылуу карылык каалайбыз. Эл-журтунун, уул-кыздарынын, небере-чɵбɵрɵлɵрүнүн урмат-сыйына бɵлɵнүп дɵɵлɵттүү ɵмүр сүрɵ берүүсүнɵ чын жүрɵктɵн тилектешпиз!

 

 

 

Добавить комментарий