100 ТАРБИЯЧЫНЫН БИЛИМИ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 100 миң сом бөлүнүп, шаарыбыздагы 7 бала бакчадан 100 тарбиячыга «Вальдорф педагогикасынын гуманитардык негиздери ата-энелер менен иштөө, балдардын мүнөзү» аталышында 2 күндүк окуу өткөрүлдү.Бала бакча тарбиячылары арасында балдардын акыл эсинин мыкты өсүшүнө таасир берүүчү алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу жана аны колдонуу боюнча сабактарды Вальдорф мектебинин түзүүчүлөрү өтүштү.Окутуучулар Бишкек                шаарынан чакыртылып келинген.Тарбиячылар кенже курактагы баланын шык жөндөмүн өрчүтүүгө жана 12 сезимин ойготууга жардам берүүчү ыкмаларды өздөштүрүшүп, оюнчук жасоонун оңой жолдорун үйрөнүштү.Бүгүн, окуу жыйынтыкталып тарбиячыларга сертификаттар тапшырылды. Иш чарага катышкан Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова тарбиячылардын квалификацияларын жогорулатуу учурдун талабы экендигин белгилеп, үйрөнгөн билимдерин колдонуу менен бөбөктөргө мыкты билим тарбия берүүгө чакырды.Ошондой эле, Н. Жумакадырова алдыңкы убакыттарда дал ушундай бала бакча тарбиячылары үчүн керектүү, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөтүүчү окууларды уюштурууну колго алаарын билдирди.

Добавить комментарий