Нарын шаардык мэриясы

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети (БАУ) кошуна жайгашкан Төш-Булак чөлкөмүндөгү 60 үй-бүлөгө жардам көрсөттү Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети (БАУ) кошуна жайгашкан Төш-Булак чөлкөмүндөгү 60 үй-бүлөгө жардам көрсөттү.2020-жылдын 1-август күнү Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети (БАУ) Нарын шаардык мэриясынын катышуусу менен кошуна жайгашкан Төш-Булак чөлкөмүндөгү 60 үй-бүлөгө жардам көрсөттү. Аталган университет жана Ага Хан Өнүктүрүү уюму учурдагы таажы илдети тарап жаткан татаал кырдаалда четте калбастан Нарын жергеси үчүн бир катар жардамдарды көрсөтүп келе жатат. Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун социалдык тутумуна кирген бул университеттин негизги максаты Нарын облусунун, анын ичинде Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуу болгондуктан апаат мезгилде облустун борбору жана бирден-бир шаар болуп эсептелген Нарын шаарына көмөктөшүүдө бүгүнкү саамалык алгачкысы эмес.Кызматташууну жогорку деңгээлде баалап, БАУнун эң жакын өнөктөшү болуп эсептелген Нарын шаардык мэриясынын өкүлү, Нарын шаарынын вице-мэри Н.М.Жумакадырова төмөндөгүдөй деди:“Таажы илдети башталган биринчи күндөрдөн тартып эле биз БАУдан зарыл болгон колдоо көрсөтүүлөргө күбө болуп келе жатабыз. Биз Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун жергиликтүү бийлик менен кызматташуусун жогорку деңгээлде баалайбыз. Өткөндө БАУ Нарын шаарындагы 500 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктарын таратуу менен чет өлкөлүк уюмдардын ичинен алгачкылардан болуп жардамга кол сунган эле. Ошондой эле дарыгерлерге медициналык жекече коргонуу каражаттарынын кыйын кырдаалда берилиши таажы илдети менен күрөшүүдө өз натыйжасын берди деп айтсам жаңылышпайм”.Борбордук Азия Университети келечекте дагы Нарын шаарынын социалдык-экономикалык жашоо-турмушун өнүктүрүү боюнча Нарын шаарынын Башкы планын ишке ашыруу, “Акылдуу шаар” долбоорун жергиликтүү бийлик органдары менен биргелешип ишке ашыруу ж.б.у.с. бир катар стратегиялык багыттагы иш мерчемдери бар экендигин жана жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташууга ар дайым кызыктар экендигин баса белгилеп кетүүгө болот.Учурдан пайдаланып Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарындагы жашоочулардын атынан Ага Хан Өнүктүрүү Уюмуна жана Борбордук Азия Университетине терең ыраазычылык билдирет.Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий