13-14-АПРЕЛЬ КҮНДѲРҮ ѲТКѲРҮЛҮҮЧҮ ИШЕМБИЛИККЕ ЧАКЫРАБЫЗ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, шаардагы мекеме-ишканалардын, соода жана тейлɵɵ борборлорунун кызматкерлери!

Ѳкмɵттүн «Таза жашоо» ураанынын алдындагы үч айлык ишембилик акциясына жигердүү катышып жатканыӊыздар үчүн жалпыӊыздарга тереӊ ыраазылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиӊиздердин аркасы менен шаарыбыз күндɵн күнгɵ тазарып, кɵрккɵ келе баштады.

Мындай ишембиликтер жума сайын ɵткɵрүлɵɵрүн маалымдоо  менен бул жумада бак-дарактардын кɵчɵттɵрүн отургузуу, акилɵɵ, арыктарды тазалоо, айлана-чɵйрɵбүздү кɵрктɵндүрүү ишине басым жасоону улантуу зарылдыгын эскерте кетмекчибиз.

«Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга» демекчи, баарыӊыздарды 13-14-апрель күндɵрү ɵткɵрүлɵ турган ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз!!!

 

Добавить комментарий