16-май күнү Алмаз-Нарын радиосу 13 жашка толду

Бүгүн 17-майда «Энелер күнүн» утурлай Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиев жана вице-мэр С.Эсенаманова аталган радионун толкунунан жеке майрамы — туулган күнү менен, ошондой эле учурдан пайдаланып сүйүктүү радионун угуучуларын «Энелер күнү» менен куттукташты.

Жергиликтүү  «Алмаз»  радиосу,  Нарын  шаарындагы   жана  коомдогу,  маданият тармагындагы ар кыл багыттагы маалыматтарды чагылдыруу менен бирге угаармандардын кɵӊүлүнɵ тɵп келген кɵӊүл ачуучу берүүлɵрдү, жыштыгынан үзбɵй жаштардын талабына ылайык келген ар тилдеги музыкаларды берүү менен бирге, шаарыбыздын ар бир тургунуна ачык маанай, кɵӊүлдүү убакыт тартуулап келээри анык экендигин  мэр белгиледи.

Ошондой эле жоопкерчиликтүү радиожурналисттик кесипти аркалап келаткан «Алмаз» радиосунун жалпы жамаатын  мааракеси менен кызуу куттуктап,  теӊиртоолуктардын радиосун заман талабына ылайык жаӊы табылгалар менен байытып, угуучулардын купулуна толгон маани — маӊызы тереӊ берүүлɵрдү чагылдырып, чыгармачылыктарынын арта беришин  каалады.

Белгилей кетсек, “Алмаз” радиосу  туулган күнүнɵ карата иш чараны 6-май күнү М.Рыскулов атындагы Нарын облустук  музыкалык – академиялык драма театрында белгилеген. Ал жылдагыдай чоӊ программадагы концерт менен коштолуп, ага кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчы жылдыздары катышкан.

 

 

 

Добавить комментарий