Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туу жана 5-март Ак калпак күнүнɵ карата куттуктоосу

Урматтуу шаарыбыздын тургундары,

иш чаранын катышуучулары!

Мамлекетибиздин, эгемендиктин белгиси болгон Туубуздун кабыл алынгандыгына 23 жыл толушу менен Нарын шаардык мэриясынын жана жеке ɵзүмдүн атымдан  чын дилимден куттуктаймын!

Кызыл түсү — эрдикти жана кайраттуулукту, өз нурларына бөлөп жаткан алтын түспөл күн — тынчтыкты жана байлыкты, ал эми түндүк — ата-бабалардын үйүн туюндурган Мамлекеттин туусу 1992-жылы 3-мартта легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынып, алгачкы ирет 5-мартта Ѳкмɵт үйүнүн имаратында салтанат менен кɵтɵрүлүп, эгемендүүлүктүн 24 жылдык жолунда ɵз алдынча мамлекет экенибизди тастыктап, желбиреп  келет.

Бүгүнкү белгиленип жаткан датанын максаттарынын негизгиси ɵсүп келе жаткан муунду мекенин сүйүүгө, патриоттулукка тарбиялоо, мамлекеттик эн белгилерин сыйлап, урматтоого үндөө, жаштардын Ата-журтка болгон сүйүүсүн, жоопкерчилигин ойготуу болуп эсептелет. Бул багытта Мамлекеттик желектин маанисин, максатын түшүндүргөн жана жайылткан иш-чараларды өткөрүп туруу зарыл экендигин белгилеп кетким келет.

Кыргыз Республикасынын туусу дайыма коомдук бирикмелердин, ишкана, мекемелердин имараттарында кɵтɵрүлүп туруусу тийиш экендиги, тытылган же өңү өчүп калган мамлекеттик желегин пайдаланууга жол берилбестиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жɵнүндɵ мыйзамында так жазылган. Ѳлкɵбүздүн ар бир жараны, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорун урматтоого милдеттүү жана ага тереӊ сый көрсөтүү ар бирибиздин патриоттук парзыбыз.

Бүгүн шаарыбызда мамлекеттик туу күнү менен утурлай ак калпак күнү белгиленүүдө.  Калпак — бул кыргыздын кийимдеринин ичинен кастарланып кийилүүчү ыйык мүлк, улуттук асыл дөөлөттөрүбүздүн бири. Ак калпакты кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун,  улуулуктун,  тазалыктын символу, ыйык белгиси катары баалап, көрк катары той-топур, салтанаттарда кийип келишкен.

2011-жылдан бери 5-март «ак калпак күнү» катары белгиленип келет. Маданият ишмерлеринин бул күндү беогилɵɵ боюнча демилгеси коомчулук тарабынан, өзгөчө жаштар арасында жылуу кабыл алынып, аны белгилɵɵнүн максаттарынын бири  кыргыз элинин улуттук маданиятын жайылтуу, салттык баалуулуктарды сактап калуу экендиги талашсыз.

«Ак калпагыӊ башыӊан түшпөсүн» деген кыргыз элинин сөзү бекер жерден айтылбаган чыгар. Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгардан коргогон жылуу, жеңил баш кийим. Калпактын актыгы анын аруулугун, тазалыгын символдоштуруу менен акылдын тунуктугун сездирет.

Калпактын эстетикалык жагы гана эмес анын руханий мааниси өтө терең. Калпак аны кийип жүргөн адамга сүр берип, тунук акыл — эс күткөнгө жардам берет.

Илгертен ата — бабаларыбыз аздектеп кийип келген баш кийимибиз калпакты бүгүнкү күндө «Ак калпак» күнүндө гана кийип көчөгө чыкпастан, ар дайым башынан түшүрбөй кийип жүрүшсө, сырттан келген конокторго дагы жагымдуу сезимдер жаралаар эле. 

Урматтуу кош майрамдын катышуучулары!

Эгемендүү Кыргызстандын желегин көтөрүп, туунун астында кыргыз эли ак калпагыбызды кийип, ар дайым биримдикте, татыктуу мамлекеттин тактыктуу атуулу болуп жүрɵ беришиӊиздерге тилектешмин.

Ар бир кыргыз жараны Мекени менен сыймыктангыдай ырыстуу эл, ынтымактуу журт болуп, чакан шаарыбыздын ɵсүп-өнүгүүсүнɵ салым кошсок, бүтүндɵй Ѳлкɵнүн ɵнүгүшүнɵ шарт түзɵбүз.

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мекенибиздин ачык асманы алдында эгемендиктин, эркиндиктин, биримдиктин белгиси болгон туубуз элибизди  эмгекке, ынтымакка үндөп, түбөлүккө желбирей берсин!

Добавить комментарий