Афган коогалаңынан советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата — Страница 2

12-февраль шаардын .№7 орто мектебинде волейбол боюнча ачык биринчилик башталып, спорттук иш-чараны шаар мэри Б.Жээналиев ачып, катышкан командаларга жакшы жетишкендиктерди, ийгиликтерди каалап жергебизде эч качан согуш оту күйбѳсүн деп ѳз сѳзүндѳ  белгилеп ѳттү. Бул

тууралуу мэриянын басма сѳз катчысы  Э.Качкымбаева билдирет.

Беттешкеоблус аймагынан жалпысы 23 команда катышып жатышат.  Нарын шаардык  дене тарбия жана спорт бөлүмү 20 миң сом каражат бөлгөн. Ал эми катыша турган командалар миң сом өлчөмүндө акы төлөшөт. Бул каражаттар оюндан алдыңкы 4 орунду камсыз кылган командаларга акчалай сыйлык катары берилет. Ошондой эле алдыңкы мыкты 5 оюнчуга дипломдоржана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылмакчы.

Мелдеш  12-13-14-февралда №5 К.Жакыпов жана №7 М.Сыдыковатындагы орто мектептердин спорт залдарында өткөрүлмөкчү.

Добавить комментарий