200 миӊ сом акча каражатына беш аялдама жаӊыртылат

Нарын шаарында аялдамаларды жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Быйылкы 2015 -жылга карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган 200 миӊ сом акча каражатына шаардын РТС, МДС, Ак-Коргон аймактарына, Алма-Бак паркынын тушуна жана шаардык салык инспекциясынын маӊдайына болуп беш жерге аялдама орнотуу жагы пландалган.

Азыркы тапта үч жердин аялдамалары жаӊыртылып, калган эки аялдаманы коюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан сырткары, аларга жанаша салынган күркɵлɵр (камок, дүкɵн) алынып, ал эми Союз убагында салынган аялдамалардын бетон плиталары менен таштанды тɵгүүчү контейнерлердин тегеретеси тосулууда.

Добавить комментарий