Нарын шаарында 2014-2015-окуу жылында 11-класстын 357 бүтүрүүчүсү жетилүү аттестатына ээ болушту

Бүгүн, 22-июнда Нарын шаарынын мэри Р.Адиев №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясындагы бүтүрүүчүлɵргɵ жетилүү аттестатын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

 

 

 

 

 

 

 

 

Быйылкы 2014-2015-окуу жылын Нарын шаарында 11-классты 357 окуучу аяктап жатса, анын 64 бүтүрүүчүсү аталган мектеп-гимназиядан.

Шаар башчысы окуучуларды жетилүү аттестатка ээ болушу менен куттуктап, мектептин уясынан жаӊы жолго кадам таштап жаткандарга ак жол жана ийгилик каалады.

Шаар боюнча эки окуучу кызыл аттестат алуу мүмкүнчүлүгүнɵ ээ болушса, анын бири аталган орто окуу жайдын окуучусу Айгерим Тиленбаева. Окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн ага артыкчылык аттестаты жана алтын медаль тапшырылды.

Мектеп директору А.Самакова артыкчылык аттестат менен аяктап жаткан бүтүрүүчүнүн ийгилиги, мектептин жетишкендиги экендигин белгилеп, Жалпы Республикалык Тестирлɵɵдɵн жогорку баллды камсыз кылган окуучулардын атын атап, сыймыктанып ɵттү, ошондой эле ушул жылдын бүтүрүүчүлɵрү, окуу жай мектеп-гимназия макамын алгандан кийинки алгачкы бүтүрүүчүлɵр экендигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган мектеп гимназиясында жалпы 1460 окуучу окуп билим алып келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий