2015-жылдын 12-январына карата 11 миӊ 752 Нарын шаарынын жарандары биометрикалык маалыматтарын тапшырышты

Нарын шаарында Калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу иш аракеттери кызуу жүрүүдɵ. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

16 жаштан жогору жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо боюнча  Нарын шаарында  жети стационардык түйүндɵр иштеп жатат, алар шаардын калкы жыш жайгашкан жерлерге орнотулуп, айрым учурда мобилдик топтор тарабынан кɵчмɵ маалымат чогултуу иштери да жүргүзүлүүдɵ.

2015-жылдын 12-январына карата 11 миӊ 752 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырышты.

Белгилей кетсек, Нарын шаардык мэриясы тарабынан калктын  маалыматтык базасын түзүүгɵ багытталган Улуттук компанияга активдүү катышуусуна үндɵгɵн чакырыктар массалык маалымат каражаттарынан үзгүлтүксүз  жарыяланууда.

Добавить комментарий