2017-ЖЫЛДЫН 16-СЕНТЯБРЫНДА НАРЫН ШААРЫНЫН 149 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ

Нарын шаарынын күнүнө карата шаардын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

2017-жылдын 16-сентябрь күнү шаарыбыздын 5 аймагынын жашоочуларынын жана ошол аймакта жайгашкан мекеме, ишканалардын катышуусунда, сейил бактарда улуттук каада-салттарды чагылдыруу боюнча сынак, тамак-аштардын, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү, боз үйлөрдүн сынагы жана башка оюн-зоок программалар  уюштурулат.

Мындан сырткары, Нарын шаарынын күнүн белгилөөнүн алкагында 2014-2017-жылдарга Нарын шаарын өнүктүрүүнүн “Жол картасынын” жыйынтыктары боюнча семинар жана улуттук буюм-тайымдардын жасалышын, тамак-аштардын даярдалышын көрсөткөн мастер класстар, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, “Тоо койнундагы шаар” аталыштагы  сүрөт көргөзмөсү жана башка кызыктуу иш-чаралар менен коштолгон  “Нукура” фестивалы өтөт.

Ал эми иш-чаранын жабылышы кечки саат 18-00 дө борбордук “Ала-Тоо” стадионунда өтүп, анда чөлкөмдөрдөгү сынактын жыйынтыгы чыгарылып, белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң программадагы майрамдык концерт менен коштолот.

Учурда Нарын шаарынын майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

Добавить комментарий