2017-жылы Нарын шаарында гипертония оорусу кɵп катталып, сарык, кызамык, кургак учук оорулары азайган.

Бул маалымат саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин отчеттук жыйынында маалымдалды.

Маалыматка таянсак, жыл ичинде гипертония оорусунун 1827 учуру катталып, 644 учурга, аз кандуулуктун 1799 учуру катталып, 381 учурга кɵбɵйгɵн. Бруцеллез боюнча 14 учур катталып, 6 учурга кɵбɵйсɵ, сарык оорусу 58 учурдан 48 учурга азайган. Ал эми кызамык оорусу катталган эмес. ВИЧ/СПИД илдети менен жабыркагандардын 22 учуру катталып, 7 учурга кɵбɵйсɵ, кургак учуктун 74 учуру табылып, 23 учурга аз болгон. Жыл ичинде тери жана грибок ооруларынын 22 учуру табылып, 16 учурга кɵбɵйгɵн. Жугуштуу грибок оорусунун 19 учуру күрɵш секциясына катышкан эркек балдар арасында кездешкен.

Ал эми тɵрɵлүү кɵрсɵтүчү боюнча, Нарын шаарында жыл ичинде 1040 бала жарык дүйнɵгɵ келип, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 49 балага аз тɵрɵлгɵн.

Жыйында Нарын шаарынын жетекчилигин катышуусунда Нарын облустук Үй-бүлɵлүк дарыгерлер борборунда шаар боюнча аткарылган иштер, кɵйгɵйлүү маселелер ортого салынды.

Учурда аталган борбордо дарыгерлер менен камсыз болуу 71,9 пайызды түзүп, 16 дарыгер жетишпейт. Жаш дарыгерлердин жетишсиздиги, дарыгерлер үчүн турак-жайдын жана тез жардам бɵлүмүнүн имаратынын жоктугу негизги кɵйгɵйлɵрдɵн.

Дарыгерлердин милдеттүү медициналык кошумча пакет программасы боюнча жазган рецепттери планда каралгандан 9 пайызга аз болгондугу, ошондой эле бɵлүмдɵрдɵгү дары-дармектердин камсыз болуусу убагынан кечиктирилип жатканы сыяктуу маселелер кɵтɵрүлүп, булардын тегерегинде талкуу жүрдү.

Жыйынга катышкан Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова саламаттыктын сакчыларына бир катар милдеттерди коюп, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлеринен дары-дармектерди кечиктирбɵɵ боюнча жогорку органдарга сунуш берүүсүн ɵтүндү.

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

Добавить комментарий