2019-ЖЫЛЫ НАРЫН ШААРДЫК МЭРИЯСЫНА 587 КАЙРЫЛУУ КЕЛИП ТҮШКӨН

2019-жыл ичинде Нарын шаардык мэриясына шаар тургундарынан жалпы 587 кайрылуу келип түшсө, алардын 404ү жазуу жүзүндөгү арыз, даттануулар болгон. Ал эми Нарын шаарынын мэринин жана орун басарларынын кабыл алуусунда 178 жаран болуп, ишеним телефонуна 5 кайрылуу түшкөн.

Кайрылууларды мүнөзүнө жараша анализдегенде 79 кайрылуу социалдык,162 кайрылуу экономикалык маселелер боюнча, 102 кайрылуу материалдык жардам берүү, 244 кайрылуу башка маселелер боюнча болгон.

Келип түшкөн арыз, даттануулардын 213 канааттандырылып,367 арыз, даттануулар боюнча арыз ээлерине түшүндүрүү жолу менен жооптору берилген. 7 кайрылуу учурда аткарууда турат.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий