23-июнь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнү

Бүгүн, 23-июнь күнү Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Даталуу күнгө карата жыйын мэриянын жыйындар залында өтүп, ага Нарын шаарынын мэри Р.Адиев, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

Шаар башчысы мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жооптуу иштерине ийгиликтерди, изденүүлөрдү, талыкпас аракеттерди жана ден-соолукту каалап өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө мамлекеттик кызматта көп жылдык үзурлүү эмгектери, жетишкен ийгиликтери үчүн жана кесиптик майрамдарынын урматына карата КРѲ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, шаардык социалдык өнүгүү, салык кызматынын шаардык башкармалыктарынын, финансы жана казына бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлери  Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Добавить комментарий