23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Нарын шаарынын жетекчилиги Ата Мекендик Согуштун ардагерлеринин үйлɵрүн кыдырып куттукташты

23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Нарын шаарынын жетекчилиги Ата Мекендик Согуштун ардагерлеринин үйлөрүн кыдырып куттукташты.

Нарын шаарынынын мэри Э.Алымкулов жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов  95 жаштагы Касымаалы Абдиев жана 94 жаштагы Түкөш Токтомушовдордун үйлөрүндө болуп, акыбалдарын сурап, ала барган белектерин тапшырышып, ансыз да жылдан жылга саны азайып бара жаткан согуштун ардагерлерине шаар башчылары чын ден соолук, узун ɵмүр каалашты.

Биздин сыймыктуу ардагерлерибиз да шаар жетекчилигине ыраазычылыгын билдиришип, баргандарга ак батасын берип узатышты.

Добавить комментарий