Мэрдин балдарга арналган балатасы жогорку денгээлде белгиленди

Нарын шаарында бүгүн, 28-декабрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен шаардын мэри Рахат Адиевдин балдарга карата балаты майрамы белгиленип, ага 250 өспүрүм катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Балаты майрам Нарын шаарындагы «Аска-Нур» ресторанында ɵтүп, ага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мектептеги алдыңкы окуган окуучулар, ата-энеси жок балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлɵлɵрдүн балдары катышышты. Аларга өкүлдүн  жана мэрдин жаӊы-жылдык белектери тапшырылды.

Майрам үчүн өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн резервдик фондунан 195 миң сом бөлүнсө, шаардык мэрия тарабынан бул иш чараны ɵткɵрүүгɵ жана белектерди даярдоого 80 миң сом акча каражаты бɵлүнгɵн. Бул каражатка балдарга белек алынып, жаңы жылдык фуршет уюштурулду.

Балаты майрамы Нарын облустук академиялык –драмалык театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган жомок менен коштолду.

Ѳз кезегинде жаӊы-жылдык балатыга келген балдарды облус башчысы А.Кайыпов жана шаардын мэри Р.Адиев куттуктап,  аларга кеӊ келечек жана окуудагы жетишкендиктерди каалашты.

IMG_8526 IMG_8527 IMG_8534 IMG_8552 IMG_8557 IMG_8559 IMG_8581 IMG_8608 IMG_8620 IMG_8653 IMG_8675

Добавить комментарий