3-декабрь “Эл аралык майыптардын күнү” Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрүн кыдырды

3-декабрь “Эл аралык майыптардын күнү” Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрүн кыдырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда ден соолугунун мүмкүнчүлугү чектелген 10 адамдын ар бирине 1  миң сомдон акча каражатын тапшырды. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 93 миӊ сом акча каражаты бɵлүнүп, 310 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга материалдык жардам катары байланыш бөлүмдөрү аркылуу таратылды.

Ал эми маалымат үчүн айтсак, Нарын шаары боюнча 2 миңден жогору майып адамдар каттоодо турат, анын ичинен 309у 18 жашка чейинки балдар болсо, 66сы шал оорусу менен ооругандар (ДЦП).

Нарын шаардык мэриясы тарабынан аталган даталуу күнгө карата 15 миӊ сом акча каражаты каралган.

Добавить комментарий