31 депутат мандаттарга ээ болушту

Бүгүн, 10-январда Нарын шаардык Кеңештин  IV-чакырылышынын депутаттарына мандаттар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

2016-жылдын 11-декабрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шалоодо Нарын шаарында сегиз партия ат салышып, алардын бешөө алдыга чыккан.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү тарабынан “КСДП” партиясына 12, “Ала-Тоо-Ынтымагы” партиясына 6, “Республика-Ата-Журт” партиясына 5, “Ѳнүгүү -Прогресс” партиясына 4 жана “Кыргызстан” партиясына 4 , бардыгы 31 депутаттык мандаттарды тапшырылды.

Добавить комментарий