40 ЖЫЛДАН АШЫК УБАКЫТТАН БЕРИ КѲРҮШѲ ЭЛЕК ПАМИРЛИК БИР ТУУГАНДАР НАРЫН ШААРЫНДА ЖОЛУГУШТУ

Кечээ, 13-майда Нарын шаарындагы памирлик кыргыздарга учурашуу үчүн Турциянын Ван шаарынан алардын туугандары келишти.

Турцияны мекендеп калган памирлик туугандарды Нарын шаарында жашап жаткан памирликтер менен бирге жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрү жана журналисттер күтүнүү менен тосуп алды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарына Памирден келген Абдул Вахид менен Ноорул Хак кыз алышкан кудалар болгондуктан алардын үй-бүлɵлɵрү бир үйдɵ жашап келишет. Турциядан мейманга келген Турдукан Абдылкалык кызы Ноорул Хактын таежеси болот. Ал сиӊдиси Шарапатты 35 жылдан бери кɵрɵ элек болгон. Себеби Ооганстандагы кыргыздардын теӊи Рахманкул ханды ээрчип Турцияга кеткенде Турдукан айым да күйɵɵсү менен ошол жакка кетүүгɵ мажбур болгон. Андан бери бир туугандардын жолугушуусуна эч кандай шарт болгон эмес.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраеванын айтымында, Ноорул Хактын энеси Шарапат айым Турцияга барып эжесине жолуккусу келген. Бирок алар Ооганстандын жараны болгондуктан жана бизде «Кайрылман» макамы менен жашап жаткандыктан анын бул тилегин орундатуу кɵбүрɵɵк түйшүктү талап кылмак. Ага караганда эжесинин бул жакка келүүсү ыӊгайлуу эле. Себеби Кыргызстан менен Турция мамлекетинин ортосунда 90 күндүк визасы жок күндɵр бар. Ошого байланыштуу Турдукан Абдылкалык кызы уулу менен мында учуп келип, бир туугандардын кɵптɵн күткɵн жолугушуусуна шарт түзүлүп берилди.

Меймандарды алардын аталаш тууганы, чоӊалайлык Давуд Эгемкулов аттуу жеке ишкер тосуп алып, коштоп келди.

Жолугушууда сагынычтын кɵз жашы тɵгүлүп, бири-бирин бала кезинен бери кɵрбɵгɵн айымдар айтаарга сɵз таба албай турушту.

65 жаштагы Турдукан айым: «-Тилегимди орундаткандарга Алла ыраазы болсун. Кыргыз калкыма рахмат, бар болгула!»,-деди толкунданып.

Ал үй-бүлɵсү менен Турциянын Ван шаарында тураарын, ал жакта 500дɵй түтүн кыргыздар бар экенин, бул жерде бир ай болоорун, туулуп-ɵскɵн кичи мекени Чоӊ Алайга да барып келээрин айтты.

Добавить комментарий