6-7-АПРЕЛЬ КҮНДѲРҮ ѲТКѲРҮЛҮҮЧҮ ИШЕМБИЛИККЕ ЧАКЫРАБЫЗ!!!

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, шаардагы мекеме-ишканалардын, соода жана тейлɵɵ борборлорунун кызматкерлери!

Ѳкмɵттүн «Таза жашоо» ураанынын алдындагы үч айлык ишембилик акциясына активдүү катышып жатканыӊыздар үчүн жалпыӊыздарга тереӊ ыраазылык билдиребиз!!!

Мындай ишембиликтер жума сайын ɵткɵрүлɵɵрүн маалымдоо  менен бул жумада бак-дарактардын кɵчɵттɵрүн отургузуу, акилɵɵ, арыктарды тазалоо, айлана-чɵйрɵбүздү кɵрктɵндүрүү ишине басым жасообуз зарылдыгын эскерте кетмекчибиз.

Ошондой эле баарыӊыздардан, айрыкча кɵп кабаттуу жана менчик турак үйлɵрдүн тургундарынан 6-7-апрель күндɵрү ɵткɵрүлɵ турган ишембиликке жигердүү катышып берүүӊүздɵрдү ɵтүнɵбүз!!!

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясы.

 

Добавить комментарий