70 ОКУУЧУ НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИНИН СТИПЕНДИЯСЫНА ТАТЫШТЫ

Нарын шаарындагы орто мектептерде окуган 70 окуучуга Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев диплом жана стипендия тапшырды.Бүгүн окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерге жигердүүлүк менен катышкан окуучулар үчүн салтанаттуу иш чара уюштурулуп, 70 окуучу миң сомдон стипендия жана Нарын шаарынын мэринин, шаардык кеңештин төрагасынын дипломдору менен сыйланышты.«Минут сайын өнүгүп жаткан замандын талабына туура келгендей билим алууга ашыккыла. Көп тилде сүйлөп, алдыңкы технологияларды өздөштүрүү зарыл. Силер биздин, мекендин келечегисиздер. Андыктан келечекке жакшы максаттарды коюп, билимдүү, мекенчил болууга чакырам»- деди Нарын шаарынын мэри өз куттуктоосунда.Окуучуларды сыйлоо иш чарасы талантуу окуучулардын концерти менен коштолду.

Добавить комментарий