МЕКЕНЧИЛДИКТИН ЖАРКЫН МИСАЛЫ, АТУУЛДУКТУН ҮЛГҮСҮ -ТАЙЛАК БААТЫРДЫН ЭСТЕЛИГИНЕ ГУЛЧАМБАРЛАР КОЮЛУП, КУРАН ТҮШҮРҮЛДҮ

Бүгүн, 8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө КРѲ Нарын облусундагы өкүлү А.Кайыпов, өкүлдүн орун басары Ж.Ибраева, шаар мэри Э.Алымкулов, шаардык Кеңештин депутаты Ж.Ботоканов жана мекеме, ишканалардын жетекчилери, XIX кылымдын башында кыргыз элинен чыккан эң эле атактуу баатырлардын бири Тайлак баатырдын эстелигине гүлчамбарларды коюушуп, Кыргызстан эгемен мамлекет болуп, аны коргоо ар бир атуулдун ыйык милдети болуп турган чакта Тайлак баатырды мекенчилдиктин жаркын мисалы, атуулдуктун үлгүсү катары эскеришип, куран окушту.

Тайлак өз элин эки тараптан каптап келген жоолордон сактаган же сактоого бардык күч-аракетин жумшаган баатыр болгон. Бир жагынан Кашкар тараптан жылган ажыдаардай жакындап, кыргыз элин Цин империясынын бийлигине баш ийдирели деген кытай аскерлерине каршылык көрсөтсө, экинчи тарабынан ээн-эркин жашап көнүп калган кыргыз элине алыгы менен салыгын таңуулаган Кокон хандыгы менен кырчылдашып кармашкан.

 

Добавить комментарий